Биз социалдык тармакта

Өлкөдө беш ай ичинде айыл чарба продукцияларын экспорттоонун көлөмү 150 миң тоннаны түздү

Өлкөдө ушул жылдын беш айында айыл чарба продукцияларын экспорттоонун жалпы көлөмү 150 миң 056,2 тоннаны түздү. Бул тууралуу Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, экспорттолгон продукцияны акчалай алганда 7 миллиард 487 миллион 596 миң сомду түздү.
Анда:
Өсүмдүк өстүрүү - 123 миң 403,7 тоннаны түзүп, 3 миллиард 999 миллион 645 миң сомду түздү;
Мал чарба продукциясы - 18 миң 383,5 тонна 2 миллиард 780 миллион 961,5 миң сомду түздү;
Тамак-аш кайра иштетүү өнөр жайынын продукциясы көлөмү - 8 миң 269 тонна, 1 миллиард 676 миллион 989,5 миң сом.
Белгилей кетсек, биринчи жарым жылдыкта Орусияга жана Казакстанга кайра иштетилген жашылча азыктарын экспорттоо көбөйгөн.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан