Биз социалдык тармакта

Аксыдагы селдин кесепетинен каза болгондордун үй-бүлөсүнө материалдык жардам тапшырылды

Жалал-Абад облусунун Аксы районунда жүргөн селдин кесепетинен каза болгондордун үй-бүлөсүнө материалдык жардам тапшырылды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, президенттин атынан 6 адам каза болгон үй-бүлөгө 1 миллион сом, ал эми үй-бүлө мүчөсү курман болгон эки үй-бүлөнүн ар бирине 100 миң сомдон берилди.

"Аксы районунда жүргөн селге байланыштуу өзгөчө кырдаалдын кесепеттерин жоюу иштери президенттин жеке көзөмөлүндө. Каза болгондордун жана жабыркагандардын үй-бүлөлөрүнө тийиштүү жардам көрсөтүлөрүн министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Айбек Жунушалиев Аксы районунун тургундары менен жолугушуу учурунда билдирди.

Министрлер кабинетинин башчысынын Резервдик фондунан 6 адам каза болгон үй-бүлөгө 300 миң сом, үй-бүлө мүчөлөрү курман болгон эки үй-бүлөнүн ар бирине 50 миң сомдон бөлүндү", - деп жазылат маалыматта.

Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө көңүл айтып, Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Жаңы-Жол айылында дайынсыз жоголгон 5 жашар баланы издөө иштери жүрүп жаткандыгын кошумчалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан