Биз социалдык тармакта

Селдин кесепетинен убактылуу жабылган Ош-Сары-Таш - Эркеч-Там унаа жолу ачылды

Селдин кесепетинен убактылуу жабылган Ош-Сары-Таш - Эркеч-Там унаа жолу ачылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Билдирүүгө ылайык, Ош облусунун Алай районунда кечээ саат 20:00 чамасында катуу жааган жаандын кесепетинен сел жүрүп, Ош-Сары-Таш-Эркеч-Там унаа жолунун 70-чакырымын каптап, унаа жол жабылып жана Кара-Булак айылында жайгашкан 3 турак үйдүн короосуна кирген.
Жерине тазалоо иштерин жүргүзүү үчүн ӨКМнын Алай райондук бөлүмүнүн ыкчам тобунан 5 куткаруучу, 1 грейдер, 3 жүктөгүч, 1 самосвал тартылып, саат 23:40та толук тазаланып ачылган.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан