Биз социалдык тармакта

Министрлер кабинети "Менин үйүм 2021–2026" турак жай программасын бекитти

Кыргыз өлкөсүнүн жарандарын жеткиликтүү турак жай менен камсыздоо максатында министрлер кабинети Кыргыз мамлекетинин "Менин үйүм 2021–2026" турак жай программасын бекитти. Бул тууралуу аталган кызматтан маалымдашты.

Маалыматка ылайык, "Менин үйүм 2021–2026" турак жай программасын ишке ашыруу боюнча иш-чаралардын планы бекитилип, аталган программанын катышуучуларын тандоо тартиби аныкталды.

Чечимге ылайык, министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов кол койгон жана ал расмий жарыяланган күндөн тартып он күндөн кийин күчүнө кирет.

Белгилей кетсек, өкмөттүн "Жеткиликтүү турак жай 2015–2020" программасынын катышуучуларынын тизмеси "Менин үйүм 2021–2026" турак жай программасынын катышуучуларынын тизмесине киргизилген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан