
Этникалык кыргыздарга жана жарандыгы жок кыргыз улутундагы адамдарга жарандык алуу жөнөкөйлөштүрүлдү. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлигинин алдындагы Калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаментинен маалымдайт.
Белгилүү болгондой, 20-июлдан тартып жөнөкөйлөтүлгөн тартипте Кыргыз жарандыгын алуу үчүн документтерди кабыл ала баштайт. Бул эреже этникалык кыргыздарга жана жарандыгы жок кыргыз улутундагы адамдарга гана тиешелүү.
"Президент Садыр Жапаровдун жарлыгы этникалык кыргыздардын укуктук статусун жөнгө салууга багытталган. Ошондой эле республиканын аймагындагы чет өлкөлүк паспорттору жана башка өздүгүн тастыктаган документтери жок же документинин жарактуу мөөнөтү өткөн кыргыз улутундагы жарандыгы жок адамдар үчүн. Бул эреже 2022-жылдын 31-декабрына чейин күчүндө болот", - дешет мекемеден.