Бир суткада 33 медицина кызматкеринен коронавирус илдети аныкталды

Бир сутка ичинде 33 медицина кызматкеринен коронавирус илдети аныкталды. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Жалалидин Рахматулаев брифинг берип жатып билдирди.

"Соңку суткада стационардан 23, үй карантининен 18 кызматкер айыгып чыгарылды. Өлкө боюнча жалпы 6 миң 85 медицина кызматкери илдетти жуктуруп алган. Алардын арасында 5 миң 298и сакайды", - деди Рахматулаев.

Коронавирус илдетин жуктуруп алган медицина кызматкерлери катталган аймактар:

Бишкек шаары – 6;
Ош шаары - 2;
Ош облусу - 1;
Жалал-Абад облусу – 1;
Баткен облусу - 15;
Чүй облусу – 7;
Нарын облусу - 1.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан