Республика боюнча COVID-19 илдетин 244 адам жуктуруп алды. Бул тууралуу республикалык штабдан кабарлашты.
Билдирүүдө жазылгандай, коронавирус илдети аныкталгандардын эң көбү Бишкек шаарында катталды. Анда 158 адам аталган илдетти жуктуруп алган. Калгандары:
Ош шаары – 2
Чүй облусу – 54
Ош облусу – 5
Талас облусу – 5
Ысык-Көл облусу – 16
Жалал-Абад облусу – 2
Баткен облусу – 2.
Өлкө боюнча жалпы 91 миң 883 адам коронавирус илдетине кабылды. Анын ичинде лаборатордук тастыкталганы – 48 миң 790, клинико-эпидемиологиялык тастыкталганы – 43 миң 93.