Биз социалдык тармакта

Орусияга Кыргыз өлкөсү жана Казакстандан барган 390 тоннадан ашык азык-түлүк продукциясы киргизилбей калды

Орусиянын Алтай аймагынын Кулунда жана Рубцовский райондоруна 5-13-июль аралыгында 280 тонна дарбыз, 40 тонна пияз, 40 тонна жемиш жана 30 тонна башка фитосанитардык тобокелдик менен жөнгө салынган азыктар алып кирүүгө уруксат берилген жок. Бул тууралуу маалымат Россельхознадзордун расмий баракчасына жарыяланды.

"Россельхознадзордун (Ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл боюнча федералдык кызматы) Алтай аймагы жана Алтай Республикасы боюнча башкармалыгынын инспекторлору продукцияны ташып жеткирүү документтерине туура келбеген маалыматтарды камтыган жараксыз фитосанитардык сертификаттар, ошондой эле продукцияны жүктөөчү жана түшүрүүчү жерлери жөнүндө так эмес маалыматтарды алып жүрүшкөнүн аныкташкан", - деп жазылат маалыматта.

Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматы Алтай аймагы боюнча башкармалыгы тарабынан Казакстан жана Кыргыз өлкөсүнөн 390 тоннадан ашык продукцияны ташып келүүдө фитосанитардык мыйзамдарды бузган 21 учур аныктаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Kombi
2021-07-16 15:00:36
Шылтоо ," Таможня союз" деп коюп. киргизбей койгону неси. Шылтоо просто
+3
Asmat84
2021-07-16 15:54:03
Kombi,Урдум ушул таможный союзун
Бизге эч кандай пайдасы жок. Андан көрө коңшуларга окшоп кирбей эле койбопбуз. Тең укуктуулук болбогондон кийин эмне кереги бар бизге
+4
Patirot
2021-07-16 16:04:39
Asmat84,патент толоп иштеп журот элен пайдасы патент жок жургонубуз
0
Rusi79
2021-07-16 18:23:09
Kombi,Диванный эксперт болбочу,сура кандай женилдик болуп жатканын мигранттардан тайрандап иштен иш тандап журушот,ар бир мигрант примерно 500мин ай сайын 7минден тологондо 3,5милиярд болбу эми эсепте канча эконом болгонун,4дарбыз откорбой койду деп кыйкыргандар.
0
Rusi79
2021-07-16 16:15:30
Куноо озубуздо,биздегидей коруп эптеп кагаз жасап алсак прокатит деп ойлойбузда,нитраттын составын корсонор нормадан 2,3 эсе артык алар биздей эмес эл отравления болмоктон олсун дегидей,эптеп акча кылсак болду деген максатда бизде.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан