Биз социалдык тармакта

Бири Базар-Коргондун, бири Чүйдүн тургуну. Жалал-Абадда кудуктан жансыз денелери табылган эки жарандын өлүмү

Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районундагы кудуктан жансыз денелери табылган 2 адам боюнча облустук милициядан маалымат беришти.

"15-июль күнү саат 15:20 чамасында Базар-Коргон РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө Чарбак айылында суу түтүктөрүн оңдоо иштерин жүргүзүп жатып, 2 жарандын жансыз денеси табылгандыгы тууралуу билдирүү келип түшкөн.

Аталган маалымат боюнча, Базар-Коргон РИИБинин тергөө ыкчам тобу окуя болгон жерге барып, жансыз денелерге сырттан кароо жүргүзгөн учурда эч кандай жарааттар байкалган эмес.

Кудуктун бийиктиги 2,5 метрди түзүп, ичинде суу жок болгон. Бул окуя Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

Каза болгон жарандар Базар-Коргон районунун 1976-жылы туулган тургуну К.Т. жана Чүй облусунун Сокулук районунун 2003 жылы туулган тургуну А.К. болгон. Алар "Таза суу" ишканасынын жумушчулары экендиги белгилүү болду. Таза суу кудугунда каза болгон жарандардын өлүмүнүн себептерин аныктоо максатында соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Учурда тергөө амалдары жүрүүдө", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Beka1986
2021-07-16 13:22:28
Кызык,эмне болушу мүмкүн???
+4
Nurik555
2021-07-16 13:39:30
Ууланып калган окшойт. Атайын каражаттар менен түшсө бул иш болмок эмес деп ойлойм.
+5
aslan_akjol89
2021-07-16 14:32:24
Таза суу ишканасы жумушчулары каза болуп калгыча иш албаганы кызык го.Жумушка кетти,келди деген реестр жокпу аларда?
+5
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан