Чүйдө УКМКнын кызматкери 19 жаштагы кызды зордуктоого аракет кылган деп шектелүүдө

Чүйдө УКМКнын кызматкери 19 жаштагы кызды зордуктоого аракет кылган деп шектелүүдө. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

4-июль күнү Аламүдүн РИИБине 19 жаштагы кыз арыз менен кайрылган. Арызда чала таанышы 3-июль күнү саат 03:30 чамасында Беш-Күңгөй айылында зордуктоого аракет жасаганы жазылган.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Сотко чейинки өндүрүштө кыз суракка алынган. Анда ал шектүү менен жетекчисинин досунун үйүнөн таанышканын айткан. Үйдөгү отуруштан кийин ал аны үйүнө жеткирип коюуну сунуш кылган, натыйжада ал эркине каршы унаада зордуктоого аракет кылган.

Шектүү 1993-жылы туулган А.Т. аттуу жаран жана ал бул фактыны моюнга алган эмес. Учурда териштирүү иштери башталып, тийиштүү экспертизалар дайындалган.

Ал эми УКМКнын басма сөз кызматынан бул факты боюнча кызматтык териштирүү башталганын билдиришти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан