Биз социалдык тармакта

Орхан Инандынын жактоочусу Коопсуздук кеңешине кайрылды

Жактоочу Таалайгүл Токтакунова Коопсуздук кеңешине Орхан Инандынын Түркиянын чалгындоо кызматы тарабынан уурдалышы тууралуу кайрылды. Бул боюнча SUPER.KG порталы жактоочуга кайрылганыбызда маалым болду.

"Коопсуздук кеңешине кайрылдым, анткени кечээ күнү Түркиянын Кыргыз өлкөсүндөгү элчиси Ахмет Доган биз Орхан Инандыны уурдап кеткен жокпуз, бул жаатта атайын операция болгон, ошонун негизинде качып жүргөн адамды кармап алып кеттик деп расмий түрдө айтып жатат.

Ошондо суроо жаралып жатат. Ким, кайсы орган, кайсы мыйзамдын негизинде биздин өлкөнүн аймагында атайын операцияны жүргүзгөнгө уруксат берди? Качан уруксат берилген? Анан ал айтып жатат качып жүргөн адам деп. Качып жүргөн адам болсо, анда ага кайсы соттун чечими менен издөө жарыяланган? Ушуларды таап бергиле деп кайрылдык", - деп билдирди жактоочу.

Буга чейин Инанды уурдалбаганын, жоопко тартылуу үчүн кармалгандыгын Түркиянын Кыргыз өлкөсүндөгү элчиси Ахмет Доган жергиликтүү маалымат каражаттарынын бирине билдирген.

Орхан Инанды ушул жылдын 1-июнунан бери дайынсыз болуп жаткан. 5-июлда Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган Орхан Инанды атайын операциянын негизинде колго түшүрүлүп, Түркияга жеткирилгенин кабарлаган.

Орхан Инандынын жоголушу боюнча окуянын хронологиясы менен шилтеме аркылуу өтүп тааныша аласыз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Milduri
2021-07-16 21:49:47
Эрдоан фараонго да бир күн болбосо экинчи күнү Аллахтын каары келет унутпасын, баары менин айтканымдай болот деп жалган жалаа менен адамдарды тутуп камай берсе, өзүнүн тагдыры да фараондордукундай аянычтуу бүтөт. Элди алдаса да Аллахты алдай албайт!!!
0
Sajakat14
2021-07-17 03:14:46
Milduri,ошону айтсаңар! Өзүнө оппозиция болуп чыкканы эле террорист дей берсе! Эрдоган деле бир күнү өлө турган эле киши го! Өзүн өлбөс Кудай ойлоп алганго.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан