"Токио-2020" жайкы Олимпиада оюндарына катышуу үчүн Африканын Уганда өлкөсүнөн келген спортчу шаардын батышында машыгып жүргөн жеринен дайынсыз жоголду. Бул тууралуу чет элдик спорттук басылмалар жазды.
Маалыматка ылайык, учурда жергиликтүү бийлик жана полиция кызматкерлери анын турган жерин аныктоого аракет кылышууда. 20 жаштагы спортчуну коронавируска карата текшерүү учурунда таппай калышкан. Аны акыркы жолу чогуу жашаган спортчу бөлмөсүнөн көргөн.
Угандалык делегация Японияга 19-июнда алгачкылардан болуп келген. Ошондой эле бул өлкөнүн эки спортчусунан коронавирус табылган.