13-июль күнү Бишкектеги Кырман конушунан 5 жаштагы Нурислам Мусаев дайынсыз болуп изделүүдө. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Өзгөчө белгилери: Бою 120 сантиметр, арык дене түзүлүштө, көзү кара, чачы күрөң.
Кийген кийимдери: Кызыл түстөгү футболка, ак түстөгү чолок шым, башына кепка кийип жүргөн.
Кимде-ким сүрөттөгү баланы көрүп же билген болсо төмөнкү номерлерге чалып коюуну өтүнөт.
Байланыш телефону: 0312 36 35 27, 0999 21 07 09, 0709 21 18 08, 0550 34 33 63, 102.