Кыргыз-Орус өнүктүрүү фондунун төрагасы, мурдагы премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артём Новиков каза болгон атасына арнап социалдык тармактагы баракчасына билдирүү жарыялады.
"70 жашка чыккан атабыз арабызда жок. Ичимде чоң боштук бар экенин сезип жатам. Бул куракта үй-бүлөдөн айрылуу кыйын. Бүткүл дүйнө мен үчүн кыйрады. Атам мен үчүн баары болчу: колдоочу, насаатчы, дос. Биз чай үстүндө сүйлөшүп отурганды жакшы көрчүбүз. Бирок биздин убактыбыз түгөндү. Мен ага көп нерсени айтууга үлгүрбөй калдым. Ал толук кандуу жашап, бош убактысын неберелерине арнады. Мен бул эскерүүлөрдү өмүр бою сактап жүрөм! Жакындарыңызга кам көрүп, аларга көбүрөөк убакыт бөлүңүз. Кийин кеч болуп калышы мүмкүн", - деп жазды Новиков.
Артём Новиковдун атасы Эдуард Новиков кечээ, 15-июль күнү каза болгон.