Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашова Ооган-Тажик мамлекеттик чек арасын кесип өтүп, Тажикстандын аймагында убактылуу жайгашкан этникалык кыргыздардын абалы боюнча кеңешме өткөрдү. Бул министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан кабарлады.
"Кеңешменин жүрүшүндө Тышкы иштер министрлиги, Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министрлиги, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жана Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин маалыматтары угулду. Тышкы иштер министрлиги Тажикстандын өкмөтү жана БУУнун Качкындар боюнча Жогорку комиссарынын кеңсеси менен биргеликте оогандык кыргыздарды өлкө аймагына эвакуациялоо боюнча иш алып барууда", - деп жазылат билдирүүдө.
Министрлер кабинети Кыргыз өлкөсү этникалык кыргыздарды кабыл алууга даяр экенин баса белгилеген.
"Талибан" кыймылынын коркунучунан улам Ооганстандан Тажикстанга качып өткөн этникалык кыргыздардын саны 300дөн ашык.