Биз социалдык тармакта

Бишкекте кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк жолугушуу болуп өттү

Бишкек шаарында кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк жолугушуу болуп өттү. Бул тууралуу министрлер кабинетинен кабарлады.

"Талаптардын жетишилген макулдашууларына ылайык, 2021-жылдын 12-17-июлунда Бишкек шаарында Кыргыз өлкөсү менен Тажикстандын кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегацияларынын топографиялык жумушчу топторунун кезектеги жолугушуусу болуп өттү", - деп жазылат билдирүүдө.

Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча тийиштүү протоколго кол коюлду. Тараптар кезектеги жолугушууну Тажикстандын аймагында өткөрүүнү макулдашты.

Жолугушуу достук жана өз-ара түшүнүшүү маанайында өткөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан