16-июлда таңкы саат 07:00дө министрлер кабинетинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев Баткен районунун Газ жана Согмент айылдарынан сел кесепеттерин жоюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштерден кабар алды. Бул тууралуу Баткен облустук администрациясы кабарлады.
"Сел жүргөн айылдардан Абдикарим Алимбаев облустук, райондук тиешелүү мекеме-ишканалардын жетекчилери менен биргеликте жеринен кабар алып, аталган айылдарды калыбына келтирүү, тазалоо иштерин жүргүзүү үчүн облус башчысынын 2021-жылдын 12-июлунда “Баткен районунун Кыштут айыл өкмөтүнүн Газ жана Согмент айылдарында селдин кесепеттерин жоюу жөнүндө” № 214-б буйругу чыккан.
Буйруктун негизинде иш аракеттердин аткарылышын көзөмөлдөө жана текшерүү максатында облус башчысы аталган айылдарда болду. Анда коюлган тапшырмалар ыкчам аткарылып, тийиштүү аракеттер көрүлүп жатканын көрдү. Селден кийин ички жолдорду таштар жаап калган болсо ал жолдор жана сел кирген жарандардын үйлөрү да тазаланып, аракеттер жакшы экенин баса белгиледи. Анан да облус башчысы селден турак жайы жабыркаган 8 жаранды башка коопсуз аймакка тездик менен көчүрүүнү ӨКМнын Баткен району жана Баткен шаары башкармалыгына тапшырды", - деп жазылат билдирүүдө.
Учурда Баткен районунун Газ жана Согмент айылдарында сел кесепеттерин жоюу боюнча чыккан облус башчысынын буйругунун негизинде тиешелүү облустук, райондук мекеме-ишканалар тарабынан иштер кызуу жүрүүдө. Бүгүнкү күндө жараксыз абалда калган ички чарбалык жолдору жана айылдарды селден кийинки калыбына келтирүү иштери жүргүзүлүп, керектелүүчү атайын техникалар тартылган.