Кечээ, 16-июлда Бишкек шаарындагы №6 төрөт үйүндө үч эм кыз жарыкка келди. Мындай маалымат кыздардын апасы Айдай Эсенбаевага байланышканыбызда белгилүү болду.
Кыздардын апасы үч эмдин биринчиси 2 килограмм 500 грамм, экинчиси 2 килограмм 300 грам жана акыркысы 2 килограмм 250 грамм болуп төрөлгөнүн айтты.
"Кыздарымды кечээ, 16-июлда операция жолу менен төрөдүм. Ден соолуктары кудайга шүгүр жакшы. Аттарын буга чейин ойлонуп койгонбуз. Улуусуна Күнай, экинчисине Асман жана үчүнчүсүнө Айтол деген аттарды коёлу деп жатабыз. Төрөтканадан абалыбыз буюрса жакшы болсо дүйшөмбү же шейшемби күндөрү чыгарабыз деп жатышат. Өзүм Түптүн Кең-Суу айылынан болом. Турмушка Ак-Суу районунун Жолголот айылына турмушка чыккам", - деди үч эмдин апасы.
Үч эмдүү болгон үй-бүлөнүн буга чейин 3 эркек, 1 кызы бар болчу.