Жасалма комада жаткан орусиялык ырчы МакSимдин абалы дагы начарлап оң өпкөсү иштебей баштады. Бул тууралуу ооруканадагы өздүк булактарына таянуу менен Орусиянын жергиликтүү басылмалары жазышты.
Маалыматка ылайык, орусиялык ырчыны рентгенге түшүргөндө оң өпкөсү иштебей баштагандыгы байкалган. Учурда ырчыга ИВЛ аппаратты дагы жардам бербей, ЭКМО аппаратына туташтырылган. Учурда дарыгерлер анын абалы жөнүндө эч кандай божомол айтыша элек.
Эске салсак, ырчы МакSимдин өпкөсүнүн 40 пайызы жабыркап, ооруканага жаткырылганы 16-июнда белгилүү болгон. Кийинчерээк андан дагы бир илдет аныкталып, ырчы оор абалда жасалма комада жаткандыгы кабарланган. Өз кезегинде орусиялык ырчы Стас Барецкий аны акыркы сапарга узатуу зыйнатына жардам берүүгө даяр экенин айткан.