Министрлер кабинетинин 2021-22 күз-кыш мезгилине даярдык көрүү жөнүндө токтомунун алкагында Бишкек ЖЭБин көмүр менен камсыз кылуу башталды. Бул тууралуу Электр станциялары ачык акционердик коомунун басма сөз кызматынан кабарлады.
"Бүгүн Казакстандан жогорку калориялуу D маркасындагы көмүрдүн биринчи 25 вагон болгон партиясы келди.
Жалпысынан келишим боюнча 643 миң тонна көмүр 2022-жылдын апрелине чейин жеткирилет", - деп билдиришти аталган мекемеден.
Эске салсак, Бишкек ЖЭБи өлкөнүн түндүгүндө электр энергиясын өндүрүүнүн бирден-бир негизги булагы болуп саналат.
Ошондой эле бардык керектүү оңдоо жана даярдык иштери жүрүп жатат. Электр станциялары ААКсы 7 гидроэлектр станцияны, Токтогул суу сактагычынын суу-энергетикалык режимин жана 2 жылуулук электр борборун башкарат.