Президент Садыр Жапаров Германиянын канцлери Ангела Меркелге жана өлкө президенти Франк-Вальтер Штайнмайерге Германиядагы суу каптоонун кесепеттеринен каза болгондорго байланыштуу көӊʏл айтты. Бул тууралуу президенттик администрациянын басма сөз кызматынан кабарлашты.
“Кыргыз өлкөсүнүн элинин атынан жана өзүмдүн атымдан Түндүк Рейн-Вестфалия жана Рейнланд-Пфальц федералдык аймактарында суу каптап, анын кесепеттеринен көптөгөн адамдар каза болгондугуна байланыштуу тереӊ кайгыруу менен көӊʏл айтам. Бул кырсыкта каза болгондордун үй-бүлөлөрүнүн, жакындарынын аза кайгысын тең бөлүшөм. Жабыр тарткандардын тезирээк сакайып кетүүсүн каалайм”, - деп айтылат көңүл айтуу телеграммасында.