Курмандык чалуу кандай адамга милдеттүү? Ага кандай мал союлушу керек? Муфтийдин жообу

Орозо айт майрамынан кийин 70 күн өткөн соң майрамдала турган мусулман калкынын маанилүү эки майрамынын бири Курман айт эртең, 20-июль күнү белгиленет. Бул күнү айт намазы окулат жана курмандыкка мал союлат. Курмандыкка кандай мал, кимдер тарабынан союлушу керек? Ушул жана башка суроолорго Кыргызстан мусулмандарынын муфтийи Замир Ракиев SUPER.KG порталына айтып берди.

- Курмандык чалуу кимдерге милдеттүү?

- Курмандык чалуу ар бир балакатка жеткен, акыл-эстүү жана материалдык жактан камсыздалган, карызы жок мусулман адамга милдеттүү болгон ибадат.

Кээде бир учурда бир үй-бүлө курмандыкка мал соёт да, үй-бүлө мүчөлөрүнүн бардыгы курмандык чалуу милдетинен кутулду деп ойлошот. Бирок бул туура эмес түшүнүк. Үй-бүлөнүн ар бир мүчөсү жашоо зарылдыгына керектүү каражаттан тышкары, акчалай жана кыймылсыз жана кыймылдуу мүлккө ээби же ээ эмеспи, ошол жагын караш керек жана алардын кимисинин мүлкү 234 миң 448 сомдон ашкан, материалдык байлыгы болсо, ошол өзү курмандык чалууга милдеттүү.

Кылынган курмандык үчүн Кудайдын көптөгөн сооптору бар. Жараткандын элчиси Мухаммад (с.а.в.) айткан: "Курмандык күнү Жараткандын алдында курмандыкка мал союудан өткөн сүйүктүү амал жок. Курмандыкка союлган мал кыямат күнү мүйүзү, туяктары менен келет (мындайча айтканда, анын ар бир мүчөсү үчүн Жараткан сооп берет). Жараткан (курмандыкка союлган малдын) канын, кан жерге тамганча кабыл кылат. Ошондуктан (Кудай тезинен кабыл кылып, көптөгөн сооп бергени үчүн) курмандыкты чын жүрөктөн, кубануу менен кылгыла".

- Курмандыкка кандай мал союлушу керек?

- Курман айт күнү курмандыкка чалынуучу мал эттүү, эч кандай майыптыгы жок болууга тийиш. Курмандыкка эркек-ургаачы бука, уй, төө, кочкор, кой, теке, эчки сойсо болот. Жогоруда аталып кеткен малдан бөлөк эч кандай малдын түрү курмандыкка жарабайт.

Майда мал (кой, эчки) курмандыкка бир адамдын атынан гана союлат. Кара малды курмандыкка, бир адамдын атынан да жана бир нече (эң көбү жети) адамдын атынан да союуга болот. Мисалы, бир нече киши уюшуп, бир уйду курмандыкка союу ниети менен сатып алууга уруксат. Эгерде ушул чогулган адамдардын арасынан биринин гана ниети курмандык эмес, башка максатта болсо, кылынган курмандык Жараткан тарабынан бир адамдан да кабыл кылынбайт.

Бир уйду курмандыкка жети адам сойсо болот, сегиз адам болсо, курмандык кабыл кылынбайт. Ар бир адамдын курмандыкка союлган малдагы үлүшү жетиден бирден кем болбоого тийиш, эгер андан аз болуп калса, мындай курмандык жараксыз болуп калат.

- Курмандыкка союлган малдын этин кандайча бөлүштүрөбүз?

- Курмандыкка союлган малдын этин толук өзүнө калтырууга да же бардыгын таратып жиберүүгө да болот, бирок этти үчкө бөлүп, бир бөлүгүн өзүнө, экинчи бөлүгүн колунда жок, муктаждарга жана үчүнчү бөлүгүн конок чакырып аларга бышырып берген жакшы болот.

Курмандыкка союлган малдын этин сатууга болбойт. Ал эми этти мусулмандарга да, ошондой эле мусулман эместерге да берүүгө болот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан