Биз социалдык тармакта

Министрлик тажик студенттеринин куугунтукталышы тууралуу билдирүүгө жооп берди

"Тажик студенттери куугунтуктоолор жана коркутуулардан улам Кыргыз өлкөсүндөгү ЖОЖдордо окуусун улантууну каалашпайт", - деген Тажикстандын билим берүү жана илим министри Махмадюсуф Иномзоданын билдирүүсүнө Кыргыз өлкөсүнүн Билим берүү жана илим министрлиги жооп берди.
"2020-2021-окуу жылында Кыргыз өлкөсүнүн жогорку окуу жайларында Тажикстандын 1932 жараны окуду. Билим берүү жана илим министрлигине жана тийиштүү жогорку окуу жайлардын жетекчилигине ушул жылдын апрелинен тартып азыркыга чейин Тажикстандын жарандары - студенттери тарабынан куугунтуктоо тууралуу кандайдыр бир даттануу келип түшкөн эмес. Анын үстүнө Кыргыз-Тажик чек арасындагы чыр-чатак маалында Тажикстандын жарандарына Кыргыз жогорку окуу жайларынын жетекчилиги тарабынан зарыл колдоо көрсөтүлгөн.
Эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу окуу процесси көпчүлүк жогорку окуу жайларда дистанттык билим берүү технологияларын колдонуу менен онлайн режимде жүргүзүлдү. Ушул тапта бардык студенттер эс алууда жүрүшөт", - деп айтылат маалыматта.
Ал эми студенттерди которуу маселелери Кыргыз өлкөсүнүн мыйзамдарында белгиленген тартипте каралары айтылды.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Dembele84
2021-07-19 11:31:04
Ит тажиктер докчуланып эле болбой калдыго.Оздору чакырып алып студенттерин эми кыргыздарды кубалады деп.Вообще мамиле кылбай турган,жакшылыкты тушунбогон бир макоо калк экенго булар!
+15
al-abu-kinesz
2021-07-19 12:42:50
Болду эми буларда жер титиреп суу ташкындаса деле кыргыздарды куноолой беришет.
+7
nazira...
2021-07-19 14:48:38
Бирок ошол студенттердин баары тажикстандык кыргыздар болсо керек, бечаралар атайын кыргызстанга келип кыргыз тилинде окугусу келишет да. Тажикстандагы кыргыздын баары кыргызстанга көчүп келип алышса кана.
-1
Gulina90
2021-07-19 17:19:36
Сасыбай олгуло иттер,эң пас калк ушуларго тооба.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан