Биз социалдык тармакта

Баткендеги чек арадан мыйзамсыз көмүр ташып бара жаткандар кармалды

Лейлекте чек арадан мыйзамсыз көмүр ташууга бөгөт коюлду. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Баткен облусунун Лейлек районунун Кароол-Дөбө чек ара тилкесинде нөөмөттө турган чек ара тозоту Кыргыз өлкөсүнөн Тажикстанга өткөрүү пунктунан тышкары кетип бара жаткан SHACMAN үлгүсүндөгү жүк ташуучу унааны байкаган.

"Айдоочу чек арачынын токто деген мыйзамдуу талабына эч кандай реакция кылган эмес. Чек арачы жүк ташуучу унаанын артынан кубалаган.

Чек арадан мыйзамсыз өтүүнүн алдын алуу максатында чек арачы асманга эскертүү иретинде ок чыгарып, курал колдонгон. Качып бара жаткан унаа капталына оодарылып кеткен.

Кармалган айдоочу жана жүргүнчү Кыргыз өлкөсүнүн жарандары. Тиешелүү документтер толтурулгандан кийин кармалгандар жана көмүр кошумча иликтөө үчүн компетенттүү органдардын кызматкерлерине өткөрүп берилди", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
shejol
2021-07-19 18:32:53
29-апрелди унутуп калдыңарбы Баеткедикттер!..
0
u02u02
2021-07-19 20:52:44
Бурмаланган маалымат бул! Ал жерде Бир эле жол бар (черный ход) биздин чек арачылар чатыр тигип туну куну ошол жерде кайтарып олтурат чек арачылар менен суйлошуп (долясын берип) отуп баратып кулап калган. Кулаган машине сулукту шаарынын мэрине таандык комур да ошол кишинин шахтасынан чыккан. Чондор чек арачылар снб кызматкерлери менен чогуу контрабанда кылып жатат. Карапайым Эл кылалбайт кылбайтда! Элде куноо жок!
+1
Altyn10076
2021-07-20 11:28:32
Эл душмандары капчыгын ойлогон.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан