Биз социалдык тармакта

Тоолуу райондордо өткүн өтөт. 20-июлга карата аба ырайы тууралуу маалымат

Эртең, 20-июлда Ош, Баткен, Талас, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын райондорунда, Чүй облусунун тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Бишкек шаарында жана Чүй облусунун дыйканчылык аймактарында жаан-чачын жаабайт. Бул тууралуу Кыргызгидрометтен билдиришти.

Маалыматка ылайык, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 17…22, күндүз 31…36;

Талас облусунда түнкүсүн 11…16, күндүз 28…33;

Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарында ​түнкүсүн 18…23, күндүз 31…36;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 10…15, күндүз 23…28;

Нарын облусунда түнкүсүн 8…13, күндүз 21…26;

Бишкекте 19…21°, күндүз 34…36 градус болот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан