Коронавирустун дельта штаммынын жаңы симптому айтылды

Коронавирустун дельта штаммын жуктуруп алгандардын саны учурда күн санап көбөйүүдө. Ошондой эле анын жугуштуулугу да жогору экендиги вирусологдор тарабынан айтылып келет. Коронавирустун дельта штаммынын жаңы симптому айтылды. Бул тууралуу Новосибирск мамлекеттик университетинин вирусологу Сергей Нетесов басылмалардын бирине берген маегинде айтып берген.

Анын айтымына караганда, кадимки коронавирус жуктуруп алган бейтапта жыт жана даам сезүү начарлай турган болсо, дельта штаммын жуктуруп алган бейтапта ичеги-карын оорусу байкалат. Дельта штаммын жуктуруп алганда жыт жана даам сезүүнүн начарлашына караганда, бейтаптын ичеги-карыны ооруп, кыйналышы мүмкүн. Айрым бейтаптарда жыт, даам сезүүнүн начарлашы менен бирге ичеги-карын оорулары да байкаларын айтып өткөн.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан