Бишкек шаарындагы көп кабаттуу турак үйдүн 12-кабатындагы батирден өрт чыгып, жанындагы үйгө дагы жайылган. Батирдеги өрттүн чыгышына шектүү катары 23 жаштагы жаран кармалганын, учурда окуянын чоо-жайы териштирилип жатканын Ленин РИИБинин басма сөз кызматынан кабарлашты.
Маалыматка караганда, саат 15:21 чамасында Грибоедова көчөсүндөгү көп кабаттуу турак үйдөн өрт чыккандыгы тууралуу билдирүү укук коргоочуларга келип түшкөн.
"Жерине ыкчам тергөө тобу барып, жашоочуларды коопсуз жайга чыгарышып, турак жай курчоого алынган. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 201-берене ("башка бирөөнүн мүлкүн жок кылуу же зыян келтирүү") менен катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынды. Тиешелүү болгон соттук-медициналык экспертизалар дайындалды, жыйынтыгы кийинчерээк белгилүү болот.
Ал эми кайгуул кызматкерлери тарабынан бул окуяга шектүү катары 1998-жылы туулган Д.Ч. аттуу жаран кармалып, Ленин РИИБине алып келинди. Ал күйүп кеткен батир ээсинин тууганы болору аныкталды.
Бирок батир ээси шектүүгө карата арыз жазуудан баш тартты. Учурда милиция кызматкерлери тарабынан окуянын чоо-жайы териштирилүүдө", - дешти мекеменин маалымат кызматынан.
Буга чейин Өзгөчө кырдаалдар министрлиги өрт бүгүн, 19-июлда катталганын кабарлап, өрт толугу менен өчүрүлгөнүн маалымдаган.