Бишкекте милициянын кайгуул кызматкерлери тарабынан бир аптанын ичинде 4277 жол эрежесин бузган айдоочу кармалды. Бул тууралуу аталган кызматтан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 9-июлдан 15-июлга чейин Бишкек шаарынын аймагында милициянын кайгуул кызматкерлери 4277 жол эрежесин бузуу фактыларын аныктаган.
- Мас абалында унаа башкаруу - 53;
- Унаанын алдыңкы жана каптал терезелерин караңгылатып айдоо - 17;
- Айдоочулук кубөлүгү жок автоунаа башкаруу - 63;
- Жол эрежесин бузган жөө жүргүнчүлөр 160;
- Башка жол эрежелерин бузуулар - 3984;
383 унаа убактылуу айып короого токтотулган.
Милициянын кайгуул кызматы жол эрежесин так сактоого чакырат.