Казакстан президенти Касым-Жомарт Токаев президент Садыр Жапаровду жана кыргыз элин Курман айт майрамы менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин администрациясынын басма сөз кызматынан маалымдашты.
"Бүтүндөй ислам дүйнөсүнүн улуу майрамы болгон, кең пейилдүүлүккө жана мээримдүүлүккө, жаратмандык менен жакшылыкка толгон ыйык Курман айт майрамы биздин өлкөлөрдүн руханий баалуулуктарын, достугун жана кызматташтыгын мындан ары да бекемдөөгө өбөлгө болот деп ишенем", - деп айтылат Казакстан президентинин куттуктоо телеграммасында.
Касым-Жомарт Токаев Садыр Жапаровго бакыт-таалай, ийгилик жана жоопкерчиликтүү ишине жетишкендиктерди, ал эми боордош кыргыз элине өсүп-өнүгүү жана бакубат жашоо каалады.