Садыр Жапаров Ысык-Көлдө кайсы айда кантип эс алуу керектигин айтты

Кечээ, 19-июлда президент Садыр Жапаровдун Ысык-Көлдө жүргөндүгү кабарланып, анын эс алуучулар менен сүрөткө түшүп жаткандагы видеосу тараган. Садыр Жапаровдун Ысык-Көлгө болгон сапары боюнча президенттик администрация маалымат берген жок. Андагы эс алуучулар өлкө башчысы көл жээгинде биринчи айым менен чогуу жүргөнүн билдиришкен.

Кийинчерээк Телеграммдагы "Садыр Жапаров" каналына билдирүү жазылып, сүрөт жүктөлдү. Ал билдирүүдө: "Ысык-Көл. Бир эле убакытта төрт мезгилди көрөсүң. Кыш, күз, жаз жана жай мезгили. Бүгүн 19.07.2021. Бүткүл дүйнө жүзүнөн Ысык-Көлгө келип эс алыңыздар. Июнь, июль, август айлары эс алууга жакшы мезгил. Ноябрь, декабрь, январь, февраль, март айлары Каракол тоосунда лыжа тебүү мезгили. Кош келиңиздер", - деп жазылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Zumrudianka
2021-07-20 18:33:36
Коргон сайын коз кубанат МааШаАллах бар болунуз омурлуу болунуз Садыр Нуркожоевич
-2
Nara5
2021-07-20 22:31:31
Ушунан коро Баткени кантип селден сактаарыбызды айтып берсе жакшы болмок аттин регоналдык саясат тушунобуз.Бирок мунун акыры эмне болоорунда жакшы билебиз
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан