Ошто 6 миңге чукул адам Курман айт намазы Сулайман-Тоо мечитинде окуду

Ош шаарындагы борбордук Сулайман-Тоо мечитинде 6 миңге чукул адам Курман айт намазын окушту. Бул тууралуу шаардык мэриянын маалымат кызматынан билдиришти.
Билдирүүгө ылайык, Курман айт намазына Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов, Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын түштүк аймактык бөлүмүнүн башчысы Исакбай Мурзабеков катышты.
Шаар мэри Таалайбек Сарыбашов кыргыз элин Курман айт майрамы менен куттуктап, калкка жакшылыктарды каалады.
Белгилей кетсек, Ошто 41 мечитте Курман айт намазы окулду.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан