Түркия Республикасынын президенти Режеп Тайип Эрдоган президент Садыр Жапаровду жана кыргыз элин Курман айт майрамы менен куттуктады. Бул тууралуу президенттик администрациядан билдиришти.
«Баарыбыздын башыбызды бириктирген бул ыйык майрам кыйын мезгилде дартыбызга даба болуп, бейкуттук алып келүүсүн каалоо менен өлкөмдүн жана жеке өзүмдүн атымдан сиздин саламаттыгыңызды жана бейкуттугуңузду, ошондой эле боордош кыргыз элинин бакубатчылыгын, амандыгын жана тынчтыгын Жараткандан тилейм», — деп айтылат Түркия президентинин куттуктоо телеграммасында.