Францияда коронавирус илдетинин төртүнчү толкуну жүрүүдө. Бул тууралуу аталган өлкөнүн өкмөт башчысы Габриэль Атталь билдиргенин дүйнөлүк басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, акыркы аптада коронавирус илдетин жуктуруп алгандардын саны көбөйдү.
"Коронавирус пандемиясынын төртүнчү толкунуна кирдик. Азыр вирустун жайылышы мурунку баскычтарга салыштырмалуу ылдам жүрүүдө.
Бир жуманын ичинде коронавирус инфекциясы менен ооругандардын саны эки эсеге көбөйдү. Азыр бизде күн сайын 10 миңге жакын адамдан илдет аныкталып жатат", - деген Габриэль Атталь.
Белгилүү болгондой, Францияда вакцинанын биринчи дозасын 36 миллион адам алды.