Чет өлкөдөн келе албай калган жарандарга жардам берүү үчүн тийиштүү кызматтарга каражат бөлүнүп берилди. Тагыраагы, Орусия жана Бириккен Араб Эмирликтериндеги Кыргыз өлкөсүнүн элчиликтерине акча бөлүнгөн. Мындай маалыматты биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов республикалык штабдын жыйынында билдиргенин өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты.
"Учурда мекенине кайта албай жаткан чет өлкөдөгү мекендештерди колдоого алуу, алардын жашоосу үчүн убактылуу шарттарды түзүү, тамак-аш менен камсыздоо максатында Кыргыз өлкөсүнүн Бириккен Араб Эмирлигиндеги элчилигине 5 миллион сом, ал эми Орусиядагы элчиликке 10 миллион сом бөлүнгөн. Бул каражат жашоосунан жана тамак-аштан кыйналып турган кыргыздарга жардам берүүгө багытталды. Биздин дипломатиялык өкүлчүлүктөр мекендештер туш болгон маселелерди чечүүнүн үстүндө иштеп жатат", - деди биринчи вице-премьер-министр.
Ошондой эле Кубатбек Боронов тийиштүү кызматтар өз өмүрүн кыюу жана үй-бүлөдөгү зомбулуктун алдын алуу жаатындагы иштерге көңүл бурушу керектигин айтты.