Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарында жашылча-жемиш жүктөп бара жаткан DAF үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаа сайга кулап түшүп кетти. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, унааны 27 жаштагы айдоочу башкарып бара жаткан. Учурда абалы жакшы.
Жерине абалды көзөмөлгө алуу үчүн №94 өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн 4 куткаруучу тартылган.