Көпчүлүктүн эсинде эпатаждуу образдары менен калган ырчы, обончу, модель, дизайнер-модельер Лира Seven турмуш жолуна аттанды. Бул тууралуу ал социалдык тармактагы баракчасына жарыялап, тойдогу сүрөт, видеолору менен бөлүштү.
Белгилүү болгондой, ырчы менен жолдошу кечээ, 19-июлда тар чөйрөдө баш кошту. Лира Seven кайненесин өз апасындай жакшы көрүп калганын айтат.
Буга чейин Лира айым гезитибизге маек берип, анда: “Манастын өзүн төрөй албайм, ал кайталангыс. Бирок экинчи версиясын, Манаска окшоштуктары бар баланы төрөй аларыма ишенем. Ал акылдуу, күчтүү болот, сатылып кеткен жерлерибизди кайра кайтарат. Мен ишенем”, - деген.
Ал эми ырчы ушул жылдын февраль айында колун сурап жүргөн жигитке турмушка чыгууга макул болгонун, тойду жай мезгилине пландап жатканын айткан.