Жалал-Абад облусунун Сузак жана Аксы райондорундагы айылдарда сел жүрдү. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан кабарлашты.
Алдын ала маалымат боюнча, бүгүн, 20-июлда саат 17:00 чамасында катуу жаап өткөн жамгырдын кесепетинен кокту-колоттордон түшкѳн сел суулары турак үйлөрдүн короолорун каптады.
"Кара-Дарыя айыл аймагынын Сарт Маала айылында сел жүрүп, Достук айылында кокту-колоттордон түшкѳн сел суулар Сузак-Кара-Дарыя автоунаа жолун каптап унаа өтүүгө кооптуулук жаралды. Жерине ыкчам топ, жеке менчик 1 автожүктөгүч, 1 трактор тартылып, тазалоо иштери жүргүзүлүүдө.
Ошондой эле Аксы районунун Мукур айылынын Чотон-Ооз, Котур-Булак, Ырысбай-Сай тилкелеринде бир нече турак үйлөрдүн короо жайларын сел суулар каптады. Жеринде тиешелүү иштер жүргүзүлүүдө. Кошумча маалымат берилет", - дешти мекемеден.