Сузактагы сел агызып кеткен 6 жашар кыздын жансыз денеси туугандары тарабынан табылды

Жалал-Абад облусунун Сузак районунда сел агызып кеткен 6 жашар кыздын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, издөө иштеринин натыйжасында кыздын жансыз денеси туугандары тарабынан табылган. Ал эми селдин кесепеттерин жоюу иш-чаралары уланууда.

Кечээ, 20-июлда саат 17:00 чамасында катуу жаап өткөн жамгырдын кесепетинен Кара-Дарыя айыл аймагындагы Достук, Чаңгыр-Таш айылдарында кокту-колоттордон түшкѳн сел суулар турак үйлөрдүн короолорун, ошондой эле Сузак-Кара-Дарыя унаа жолун жууп кеткен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан