Күлүктү саяпкер, бүркүттү мүнүшкөр, ал эми спортчуну машыктыруучу табына келтирет эмеспи. Жакында эле интернет айдыңына кичинекей спортчу баланын таймашка чыгып, атаандашын жеңип алган соң UFC жылдызы Конор Макгрегорду туурап басып бара жаткан видеосу жарыяланып, көпчүлүктүн алкоосу менен жылуу пикирине татыган. Кийин ал баланын Ысык-Көл облусунун 12 жаштагы тургуну Ислам Токтобаев экендиги белгилүү болгон. Мында улам бизге кичинекей спортчунун машыктыруучусу ким болду экен деген суроо жаралып, Ислам Токтобаевдин машыктыруучусу, спорттун ММА түрү боюнча "Жолборс Тайм" спорттук ишканасынын директору Азиз Мусаев менен маектештик.
- Азиз мырза, Ислам Токтобаевди канча убакыттан бери машыктырып келесиз?
- Ислам менен өткөн жылы пандемия учурунан баштап машыгуудабыз. Башында 10дой бала келген, ар кандай себептер менен келбей калгандары болду, кээ бирлери машыгууларга чыдабай кетти. Ошолордун арасынан Ислам менен Кутман деген гана бала өжөрлөнүп калып, машыгып жатышат. Буюрса, алгачкы ийгиликтери менен кубандыра баштады. Ислам абдан тырышчаак бала, келечекте чоң спортчу чыгат деген ишенимим чоң, себеби өжөр, анан беттегенин бербеген көк бет. Болбосо өзү азыр 12 гана жашта.
- Машыктыруучулук менен канча жылдан бери алектенесиз?
- Жаш балдарды машыктырып баштаганыма жалпысынан 4 жыл болду. Негизи башында Бишкекте 3 жыл балдарды бекер машыктырып жүрдүм. Анан пандемия башталып калды, шаарда үйүм жок, же айлык жок болуп Караколго келе бердим. Бул жакта апамдын жанында болуп, бир тууган инимди машыктырып жүрдүм. Кичинекей балдар ойноп жүрүп, бизди көрүп калышчу. Ал учурда биз көчөдө эле машыкчубуз. Анан Ислам Токтобаев менен таанышып калдык, "спорт менен алектенгиңер келеби?" десем, "ооба" дешти. Ошентип 10дой баланы машыктырып баштадым.
- Азыр дагы көчөдө эле машыгууларды жүргүзүп келесиздерби?
- Биз жаңы машыгып баштаганда вирус катуу күчөп жаткан мезгил болчу, залдардын баары жабык болуп. Анан көчөдө машыгып жүргөнүбүздү бирөө тартып интернетке жүктөп койгон экен. Эдил Касенов спорттук килемдерди алып берди. Абдан ыраазы болдум. Азыр эми бизде зал бар, ижара акысы 10 миң сомдой болот. Кышкысын суук. Ушул жагынан көп кыйналабыз, себеби 10дой бала машыгат. Ар бирибиз 500 сомдон чогултсак деле топтой албай калабыз, анткени арасында Исламдай болуп бекер машыккан балдар бар. Зал жагынан жардам берген спортко күйгөн адамдар болсо жакшы болот эле, шарт болсо бизден деле дүйнөлүк спортчулар чыкмак. Ислам деле мына азыр жакшы көрсөткүчтөрдү көрсөтүп жатат, машыгууларды калтырбай спорт менен алектене берсе буюрса кыргыздын желегин бийиктерге желбиретет.
- Жаш балдарды машыктыруу идеясы сизге качан келди эле?
- Мындан 4-5 жыл мурда эле келген. Негизи мен өзүм эле үйрөнгөм, мага эч ким үйрөткөн эмес. Грек-рим күрөшү менен 20 жашымдан алектенип баштап, кийин кан басымым көтөрүлүп ооруп калдым. Анан балдарды машыктырууну ойлоп, бир бала менен эле баштагам. Алдыда жакшы пландар бар буюрса. Акырындан анын баарына жетебиз деген ишенимдебиз. Күчтүү балдар көп бизде.
- Пландарыңыздын бирөөсү менен бөлүшсөңүз?
- Балдарым UFC'ге чейин жетмейинче аракет кыла берем. Азыр бизге эч жактан деле колдоо жок, 4 жылдан бери айлык албай иштеп келе жатам. Бизге болгону азыр жеке өзүбүзгө чакан эле зал куруп берсе. Мен айтпайм заңгыраган спорт зал деп, жок дегенде бир контейнерден салынган зал болсо да сүйүнмөкмүн. Президентке кайрылсамбы деген ой келген негизи, бирок алар бизди карабаса керек деп кайра унчукпай калдым.