Президент Садыр Жапаров бүгүн, 21-июлда Жогорку Кеңештин депутаттары менен жолугат. Бул тууралуу президенттик администрациянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Анда президент Жапаров эл өкүлдөрү менен учурдагы социалдык-экономикалык жана коомдук-саясий маселелер боюнча пикир алмашат.