7-июлдан бери дайынсыз болуп изделип жаткан Кайрат Ногойбаев Ысык-Көлдүн Түп районундагы талаадан асынган абалда табылды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 30 жаштагы Кайрат Ногойбаев Бишкек шаарынын тургуну.
"Түп районундагы талаадан асынган абалда табылды. Алгачкы денесине кароо жүргүзгөндө күч колдонуу белгилери аныкталган эмес. Анын баштыгындагы телефону аркылуу жакындарына кабар берилди", - деп билдирет басма сөз кызматынан.