Ош шаарында асынып алган келиндин күйөөсү аялынын сөөгүн кайра көрдөн каздырып, экспертизадан өткөрдү. Бул тууралуу Ош ШИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, келин 8-июлдан 9-июлга караган күнү асынган.
"Келин асынып алган. Анын артында 3 баласы калды. Алгач жансыз денесине кароо жүргүзгөндө күч колдонуу белгилери болгон эмес. Бирок бир апта өткөндөн кийин жолдошу үйүндө чогулткан акчалары жок экенин, балким, кимдир-бирөө күч колдонуп аялынан акчаны алып кетиши мүмкүн деген пикирде аялынын сөөгүн каздырып, экспертизадан өткөрдү. Азырынча экспертизанын жыйынтыгы чыга элек.
Ал эми келиндин жолдошу Орусияда иштеп жүргөн", - деп билдирет басма сөз кызматынан.