Бишкектин "Ала-Тоо" аянтында насыянын жогорку пайыздык чендерине каршы жарандардын митинги өттү. Бул тууралуу SUPER.KG порталына уюштуруучулардын бири Мирлан Орозбаев билдирди.
Маалыматка ылайык, "Жарандык көзөмөл" кыймылынын катышуучулары Манастын эстелигинин алдына плакаттар менен митингге чыгышты. Алар насыянын жогорку пайыздык чендерине нааразычылыгын билдиришкен.
"Бүгүнкү күндө Орто Азия боюнча насыянын эң жогорку пайыздык чени бизде болууда. Насыя бүгүнкү күндө көпчүлүк мекендештерибизде бар, насыянын пайыздык чендери жогору болгондуктан анын пайызын төлөө кыйынга турууда. Мисалы, президент Садыр Жапаров башка өлкөдөн акча алып келип элге иштетүү үчүн берсе, эл кайра алып эле банкка насыясын төлөшөт. Ошентип акча кайра эле банктар аркылуу чыгып кетип жатат", - дейт Орозбаев.