Калаанын жолдорун жакшыртуу иштери уланууда

Борбор калаада "Бишкек асфальт сервис" муниципалдык ишканасы тарабынан жол инфраструктурасын жогорулатуу, жол чийиндерин чийүү жана жол белгилерин орнотуу, чуӊкурларды жамоо жана жаман абалга келген жерлерди оӊдоо иштери аткарылууда. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Чүй-Шопоков жана Чүй-Абдрахманов көчөлөрүнүн кесилиштеринде жаракалар бүтөлгөн.
"Панфилов-Токтогул, Жибек Жолу-Кулиев, Элебесов-Аул, Горький-Панфилов, Панфилов-Токтогул, Чүй-Ибраимов, Жаш Гвардия-Рыскулов көчөлөрүнүн кесилиштериндеги аймактар көрктөндүрүлдү.
Бөкөнбаев-Манас, Түштүк магистраль-Алма-Ата, Алыкулов-Дэн Сяопин, Манас-Түштүк магистралынын кесилиштериндеги жаман абалга келген жерлерди оӊдоо иштери аткарылды.
"Коопсуз шаар" долбоорунун камералары бар көчөлөрүнүн чуӊкурлары жабылды.
Алар: Ибраимов-Чүй (батыш жана чыгыш тарабы), Лермонтов-Жибек Жолу, Чүй-Абдрахманов, Чүй-Манас, Бөкөнбаев-Манас, Ахунбаев-Абдрахманов, Ахунбаев-Манас, Чүй-7-Апрель, Жибек Жолу-Абдрахманов көчөлөрүнүн кесилиштери", - деп айтылат маалыматта.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан