Биз социалдык тармакта

Бостериде келин 2 баласын ижарага берилген бөлмөгө таштап өзү дайынсыз болууда

Ысык-Көлдүн Бостери айылында келин эки баласын ижарага берилген бөлмөгө таштап өзү дайынсыз болууда. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бостери айылынын тургуну милицияга кайрылып, анда 17-июль күнү болжол менен саат 21:00 чамасында 25-30 жаштардагы келин эки баласы менен бир бөлмөнү ижарага алган. Эртеси саат 9:30 чамасында келин балдарын үйдүн ээсине карап турууну өтүнүп, өзү белгисиз тарапка кеткен бойдон кайтып келген эмес.

Балдардын айтымында, улуусунун аты Алинур, кичүүсүнүкү Акылбек. Алар 4 жана 2 жашта. Атасынын аты Жолдош, апасынын аты Перизат. Кайда жашап жүрүшкөнүн билишпейт.

Кимде ким балдардын ата-энесин жана туугандарын таанып билгендер болсо, төмөнкү номерлерге чалып коюуну милиция кызматкерлери өтүнөт.

Байланыш телефону: 0505 25 05 45, 0502 11 21 31, 0709 06 09 62, 0394 34 52 02 жана 102.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Бектурган
2021-07-23 04:04:14
Чалып койууну өтүнөт дейтта, көздөрүн жаап койушат, кайдан таанымак эле антип койсоңор...
0
Бектурган
2021-07-23 04:04:33
Ал балдар кылмышкер эмеско көздөрүн жапкыдай...
0
Miraida-toktosunova
2021-07-23 15:06:06
Кичинекей наристелерди неге козун жабасынар тоба
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан