Биз социалдык тармакта

Улукбек Марипов Кыргыз-Тажик чек арасындагы жаңжалда жабыркаган үйлөрдүн курулушун көрдү

Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов Баткен облусуна жумушчу сапарынын алкагында Кыргыз-Тажик мамлекеттик чек арасындагы жаңжалдын кесепетинен каза болгондордун үй-бүлөсү үчүн курулуп жаткан 36 турак-жайдын курулушу менен таанышты. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Баткен шаарынын Чет-Булак кварталында 5 гектар жер тилкеси бөлүнгөн. Мында 6 сотук жер тилкеси бар 4 бөлмөлүү үйлөр курулат. Алар тийиштүү техника жана эмерек менен камсыздалат, ошондой эле борбордук коммуникацияларды өткөрүү пландаштырылууда.
Учурда турак-жайлардын курулушу 80% бүткөрүлгөн, аларды үстүбүздөгү жылдын 31-августунда пайдаланууга берүү мерчемделген. Мындан тышкары аталган шаарчанын аймагында балдар бакчасын куруу пландаштырылууда.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Birimdik5555
2021-07-22 15:46:03
Сонун курулуптур,уйлор ээлерине насип кылып,жакшылыктар болсун
+9
Zumrudianka
2021-07-22 18:26:51
Аллах ыраазы болсун азыркы бийлике Садыр Нуркожоевичке, Камчыбек Ташиевке, Мариповко ыраазычылык. Ушуну да коро албай калп эле элге корунуш учун депутаттар паника кылышып ооой бутпой атат токтоп калды кокуууй деп олуп атышты эле. Соонун тойлор болсун онуккон район болсун Баткен району
+2
Rifle_I
2021-07-23 02:26:31
Головнойго камераларды кайра коюшкан турбайбы?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан