Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунда эки унаа сүзүшүп, 4 адам каза болуп, 5 адам ар кандай жаракаттарды алышты. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 22-июль күнү саат 21:20 чамасында Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 107-чакырымында, тактап айтканда Нур айылында Хонда Степвагон менен Mitsubishi Pajero унаалары сүзүшкөн.
Жерине Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 132-чакырымында нөөмөттө турган 3 куткаруучу тартылып, каза болгон адамдын жансыз денесин жана жабыркагандарды унаадан чыгарышып тиешелүү кызматтарга өткөрүп беришкен.
Кырсыктын кесепетинен 4 адам каза болуп, 5 адам жабыркаган. Жабыркагандардын абалдары оор.