Биз социалдык тармакта

Бостериде эки баласын ижарага алган бөлмөгө таштап белгисиз тарапка кеткен келин дагы деле табыла элек

Ысык-Көлдүн Бостери айылында эки баласын ижарага алган бөлмөгө таштап белгисиз тарапка кеткен келин дагы деле табыла элек. Бул тууралуу SUPER.KG порталына облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, учурда издөө иштери жүрүүдө.

Бостери айылынын тургуну милицияга кайрылып, анда 17-июль күнү болжол менен саат 21:00 чамасында 25-30 жаштардагы келин эки баласы менен бир бөлмөнү ижарага алган. Эртеси саат 9:30 чамасында келин балдарын үйдүн ээсине карап турууну өтүнүп, өзү белгисиз тарапка кеткен бойдон кайтып келген эмес.

Балдардын айтымында, улуусунун аты Алинур, кичүүсүнүкү Акылбек. Алар 4 жана 2 жашта. Атасынын аты Жолдош, апасынын аты Перизат. Кайда жашап жүрүшкөнүн билишпейт.

Кимде ким балдардын ата-энесин жана туугандарын таанып-билгендер болсо, төмөнкү номерлерге чалып коюуну милиция кызматкерлери өтүнөт.

Байланыш телефону: 0505 25 05 45, 0502 11 21 31, 0709 06 09 62, 0394 34 52 02 жана 102.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Gulina90
2021-07-23 13:05:37
Эсен-аман табылып калсын,чиедей баласын таштап чыкпаса кк эле.
+3
amirrus
2021-07-23 14:48:26
Ооба табылсын ,соо болсо дайынсыз кетбейт эле эне деген...Сураштырып жардам бергиле тааныгандар
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан