Ооганстанда белгисиз адамдар жүздөгөн карапайым тургундарды өлтүрүп кетишти

Ооганстандын Кандагар провинциясындагы Спин-Болдак районунда жашаган жүздөгөн карапайым тургунду белгисиз адамдар өлтүрүп кетишти. Бул тууралуу Ооганстандын Ички иштер министрлиги кабарлаганын аталган өлкөнүн жергиликтүү телеканалдарында айтылды.

"Таш боор террорчулар Пенджабдагы (Пакистан) кожоюндарынын буйругу менен Спин-Болдактын бир катар аймактарындагы карапайым тургундардын үйлөрүнө кол салуу уюштурушуп, үй-жайларын тоноп, жүздөгөн бейкүнөө адамдарды өлтүрүп кетишти", - деди Ички иштер министрлигинин өкүлү Мирваис Станекзай.

Ооган өкмөтү жай тургундардын өлүмүнө аталган районду басып алган радикал "Талибан" кыймылын күнөөлөдү. Ооганстандын Коргоо министрлигинин маалымат катчысы Рохулла Ахмадзай талибдер буга чейин бир канча жолу жергиликтүү жашоочулардын үй-жайын жана мамлекеттик мекемелерди тоноп, шаарларды талкалап, бейкүнөө адамдарды өлтүргөнүн айтты.

Ал эми "Талибан" кыймылынын өкүлү аларга каршы тагылып жаткан айыптоону четке какты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Бектурган
2021-07-23 14:35:42
Эми Пакистанды подстава кыла баштаптырда...
+2
ayzhan12
2021-07-23 15:18:12
Таш боор талибандар. Булар Афган жаштарынын мээлерин айлантышып оздорунун катарын толуктап жатышат
+2
nazira...
2021-07-23 19:11:07
Тоногондур, бирок өлтүрбөсө керек. Кантип эле, мусулман болуп туруп........
-3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан