Тилек Токтогазиев "Ата Мекен" партиясына мүчө болду. Бул тууралуу "Ата Мекен" партиясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Токтогазиев 22-июлда арыз жазган.
"Бүгүн партиянын штабында Тилек Токтогазиевге партиянын билети салтанаттуу түрдɵ тапшырылып, партиянын ветерандары ага каалоо-тилектерин айтышты. Тилек Токтогазиев “Ата Мекен” партиясынын тизмесинин сап башында парламенттик шайлоого катышкан. Ал анда партиянын мүчɵсү эмес, партиядан тыш барган.
Акыркы жарым жылда Кыргыз өлкөсүндө чоң саясий окуялар болду. Тилек Токтогазиев ошол окуяларда алдыңкы сапта жүрдү. Октябрь революциясынын лидерлеринин бири болду. Ок да жеди, таш да жеди, ɵлүм менен ɵмүрдүн ортосунда болду. Ɵкмɵт мүчɵсү - айыл чарба министри болду. Тɵɵ да минди, жɵɵ да жүрдү, бышты. Эми ал саясат менен профессионалдуу шугулданам деген ниетте “Ата Мекен” партиясы менен ɵзүнүн саясий келечегин байлады. Бул символикалык кɵрүнүш. Партия жаш лидерлердин жаңы генерациясы менен толукталууда", - деп жазылат маалыматта.